БУУЛАНТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:17, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУЛАНТКЫЧ – суюктукту бууландырып, жылуулук алмаштыруучу аппарат. Бууланткыч жылуулук энергетикасында буу иштелүүчү орнотмодо конденсация учурунда сарп кылынган энергияны тазартылган суу алуунун эсебинен толуктайт. Бууланткыч буу барасында иштетилип, түтүктөрдүн арасындагы боштуктан өтүүчү буу жана казан агрегатынан чыгуучу түтүк менен ысытылат. Бууланткыч деӊиз суусун туздан тазалоо, муздаткыч камераларын муздатуу иштеринде жана бууландыруучу аппаратта колдонулат.