БУУЛАНТУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУЛАНТУУ – эритмелерди кайнатуу жолу м-н концентрациялоо. Б-да эритменин концент., тыгызд., илээшкектиги ж-а кайноо темп-расы жогорулайт. Эгерде эритме өтө каныккан болсо, эриген зат чөкмө түрүндө бөлүнөт. Эритменин кайноо темп-расы эриткичтин кайноо темпрасынан дайыма жогору болот. Бул айырма темп-ралык депрессия деп аталат. Депрессия концент. ж-а сырткы басымдын көтөрүлүшү м-н жогорулайт. Ал жылуулуктун таасири м-н жүрөт. Б. төмөнкү же жогорку атм. басымда ж-а атайын вакуум аппаратта жүргүзүлөт. Хим. ж-а тамак-аш өнөр жайында кеӊири колдонулат.