БУУЛАНТУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:21, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУЛАНТУУ – эритмелерди кайнатуу жолу менен концентрациялоо. Буулантууда эритменин концентраттуулугу, тыгыздыгы, илээшкектиги жана кайноо температурасы жогорулайт. Эгерде эритме өтө каныккан болсо, эриген зат чөкмө түрүндө бөлүнөт. Эритменин кайноо температурасы эриткичтин кайноо темпрасынан дайыма жогору болот. Бул айырма температуралык депрессия деп аталат. Депрессия концентраттык жана сырткы басымдын көтөрүлүшү менен жогорулайт. Ал жылуулуктун таасири менен жүрөт. Буулантуу төмөнкү же жогорку атмосфералык басымда жана атайын вакуум аппаратта жүргүзүлөт. Химиялык жана тамак-аш өнөр жайында кеӊири колдонулат.