БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ – чанактуулар тукумуна кирүүчү өсүмдүктөр тобу. Ага буурчак, май буурчак, төө буурчак, тоют буурчагы, маш буурчак, шалбаа буурчагы ж-а жер буурчактар кирет. Бул өсүмдүктөр биол., морфол. касиеттери, көрүнүшү б-ча бири бирине окшош. Булардын негизги сапаты – алардын жашыл массасында ж-а үрөндөрүндө эӊ баалуу белоктун көп болушу. Данында белок, крахмал, май, чийки клетчатка, күл болот. Анда адамга, жаныбарларга эӊ керек алмаштыргыс аминкислоталары арбын. Айрымдарында май м-н кант көп. Мис., май буурчакта 20–24%ке чейин май, анын канттуу же жашылча сортторунун данында 8–13% кант, бир топ баалуу витаминдер болот. Жалбырагынын түзүлүшү б-ча үч топко бөлүнөт. Чанактуу дан өсүмдүктөрдүн тамырында бактериялуу түймөк пайда болуп, анда симбиоздо жашоочу бактериялардын жардамы м-н биол. азот пайда болуп, топуракта топтолот.
А. Бабаев.