БУХАНЦЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХА́НЦЕВ Кирилл Иванович (17.7.1919, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Cуу облусу, Пишпек уезди, (азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району), Лебединовка айылы – 23.9.1984, Фрунзе шаары) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган.

1941-жылдын июнь айынан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Взвод командиринин орун басары болгон. Түштүк-Батыш, Батыш, 1- жана 2-Украин фронтторунун курамында согушкан. Согуш аяктаган соӊ Бишкек шаарында эмгек жолун уланткан. 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.