БУХАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХАРА́ – Өзбекстан Республикасындагы шаар. Заравшан дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Бухара вилайетинин административдик борбору. Калкы 274,7 миӊ (2016). Темир жол бекети. Жолдор тоому.
Археологиялык маалыматтар боюнча б. з. 1-кылымынан мурда негизделген. Жазуу эстеликтеринде 5-кылымдан эскерилет. 709-жылы аны арабдар басып алган. Бухара байыртадан эле Орто Азиядагы соода, кол өнөрчүлүк, маданияты өнүккөн шаар болгон. Анын калкы Иран, Индия, Кытай ж. б. өлкөлөр менен соода кылган. 9–10-кылымдарда Бухараны Саманиддер каратып, өздөрүнүн зор мамлекетинин борборуна айландырган. Шаарды 1220-жылы Чыӊгызхан, 1370-жылы Тимур басып алган. 16-кылымдын башында Бухара көчмөн өзбек урууларынын ээлигине өтүп, Шейбаниддер мамлекетинин баш калаасы болгон. 16-кылымдын ортосунан 1920-жылга чейин Бухара

Пои-Калян ансамблинен фрагмент.

хандыгынын, Бухара эмирлигинин, 1920–24-жылдары Бухара Республикасынын борбору. 17–18-кылымдарда Бухарага перс шахтары бир нече жолу басып кирген.
Каракөл терисин иштетүү, пахта тазалоо заводдору, кебез-кездеме, текстиль комбинаты, шарап, тамак-аш ж. б. ишканалары иштейт. Илгертен көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, жибек токуу, металлга чегелөө ж. б.) өнүккөн. Эки ЖОЖ, бир катар атайын орто окуу жайлары, мамлекеттик архитектура, көркөм сүрөт музей-коругу, театр, тарых, край таануу музейи бар. Анда 140ка жакын архитектура эстеликтери сакталып калган. Орто Азия зодчийлигинин шедеврлери – борбордук чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү (Исмаил Саманинин күмбөзү, 9-кылымдын аягы – 10-кылымдын башы) салынып, ичи-сырты бышкан кыштан оймо-чиймеленген. Пои-Калян ансамблине кирген Калян мунарасы (1127) тегерете кыш менен оймолонгон. Ортоӊку Чыгыштын көрүнүктүү архитектуралык эстелиги Калян мечити (12-кылым, 15–16-кылымдар) жана 2 чамгарактуу Сейфад-Дин Бохарзи күмбөзү (13-кылым, 14–15-кылымдар кайра курулган). Буян-Кулихандын чакан күмбөзүнүн (14-кылым) сырты бышырылган сары, кызыл чопо менен кооздолгон; Улугбектин медресесинин (1417) жанында кооздолуп курулган Абдулазис хандын медресеси (1652) орун алган. 16-кылымдын архитектуралык курулуштарына жасалгаланган Балянд мечити жана Кожо Зайнуддиндин ханагы, Орто Азияда эӊ чоӊ Кукельташ медресеси, чамгарактуу соода курулуштары – Заргаран, Тельпак-Фурушан жана Саррафан, үстү жабык (тим), Абдулла-хандын базары, Чар-Бакр мемориалдык ансамбли (1560–63), Файзабад ханагы (1598–99); 18–19-кылымдагы курулушка Арк (цитадель), 4 мунаралуу эшиги бар Чар-Минар медресеси (1807) кирет. Советтик мезгилде шаар көрктөндүрүлүп, көптөгөн жаӊы курулуштар салынган. 1964-жылы кайра куруу планы бекитилип (архитекторлор В. П. Чунихин, В. Н. Слонимский, Т. Н. Калиновская), байланыш үйү (1966, архитектор М. Чернов), облустук менчик китепкана (1969, типтүү долбоор менен) ж. б. көптөгөн имараттар курулган. 1993-жылы Бухаранын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 13–18-кылымдарда Бухара Орто Азиядагы музыка маданиятынын көрүнүктүү борбору болгон. Өзгөчө оозеки чыгармачылык өнүккөн. Белгилүү музыка теоретиктери – Нажмиддин Кавлаби Бухари (16-жыл), Дервеш Али Чанги (16–17-кылымдар) жашашкан. С. Айни атындагы музыкалуу драма жана комедия, куурчак театрлары бар.
Ад.: Пугаченкова Г. А. Самарканд. Бухара. М., 1968. Н. Жылдызова,
Р. Карачалова.