БУХАРА СОВЕТТИК ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ (БСЭР)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХАРА́ СОВЕТТИК ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ (БСЭР) 1920-ж. 8-октябрда түзүлгөн. Бухара хандыгынын аймагынан орун алып, аянты 18,2 миӊ км2, калкы 2,2 млн киши болгон. 1924-ж. 19-сентябрда БСЭР Советтеринин 5-курултайында респ-ны соц. деп жарыялап, анын СССРдин курамына кошулушу ж-дө чечим кабыл алынган. Ошол эле жылдын октябрь айында О. Азия респ-ларынын улуттук-мамл. чек араларын белгилөөгө байланыштуу жоюлуп, анын аймактары жаӊыдан түзүлгөн Өзбек ж-а Түркмөн ССРлеринин, о. эле Тажик АССРинин курамына кирген.