БУХАРА СОВЕТТИК ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ (БСЭР)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХАРА́ СОВЕТТИК ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ (БСЭР) 1920-жылы 8-октябрда түзүлгөн. Бухара хандыгынын аймагынан орун алып, аянты 18,2 миӊ км2, калкы 2,2 млн киши болгон. 1924-жылы 19-сентябрда БСЭР Советтеринин 5-курултайында республиканы социалисттик деп жарыялап, анын СССРдин курамына кошулушу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошол эле жылдын октябрь айында Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик чек араларын белгилөөгө байланыштуу жоюлуп, анын аймактары жаӊыдан түзүлгөн Өзбек жана Түркмөн ССРлеринин, ошондой эле Тажик АССРинин курамына кирген.