БУХАРИН
БУХА́РИН Николай Иванович [27. 9. (9. 10.) 1888, Москва – 15. 3. 1938, Москва обл., Коммунарка)] – саясий ж-а мамл. ишмер, СССР ИАнын академиги (1928). 1905–07-ж-дагы ж-а 1917-ж. Октябрь рев-яларынын катышуучусу. 1918–29-ж. «Правда» гезитинин редактору, ошону м-н катар эле 1919–29-ж. Коминтерндин Аткаруу к-ти

нин мүчөсү. 1929–32-ж. СССР Эл чарбасынын Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү, 1932-жылдан Оор өнөр жай эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү. 1934–37-ж. «Известия» гезитинин редактору. Большевиктердин арасында марксизм теоретиги катары таанылган. 1920-ж. жаӊы экономикалык саясатты колдоп, бирок коллективдештирүүгө каршы чыккан. 1938-ж. репрессияланган, өлгөндөн кийин акталган (1988).