БУХГАЛТЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХГАЛТЕ́РИЯ (нем. вuchhalter – бухгалтер, Вuch – китеп жана halten – кармоо) – 1) эсеп-кысап жүргүзүү; 2) ишкананын, уюмдун жана мекеменин бухгалтериялык эсеп жүргүзүүчү бөлүмү. Бухгалтерия ишкананын өндүрүш каражаттарын сарптоону, кредитти, ишкананын сырьё, материал, техника менен жабдылышын, эмгек чыгымын, даяр продукция сатуудан түшкөн каражатты, аласа-бересени ж. б-ды эсептейт, ишкананын бухгалтериялык балансын, бухгалтериялык отчёттуулукту түзөт. Ар бир ишкананын Бухгалтериясы болот, ал эми цехтеринде‚ бөлүмдөрүндө бухгалтердик эсептөө топтору иштейт. Өндүрүш планынын аткарылышына баа берүү жана өндүрүш резервин табуу, каражаттын туура пайдаланылышын, мекеме‚ ишкананын менчигинин түгөлдүгүн, финансы жана смета тартибинин сакталышын камсыз кылуу Бухгалтериянын негизги милдетине кирет.