БУХЕНВАЛЬД
БУ́ХЕНВАЛЬД – немецтик-фашисттик концентрациялык лагерь. 1937-жылы Веймарга (Германия) жакын жерде уюштурулган. 8 жылда 239 миӊ адам Бухенвальддын туткунунда болуп, 56 миӊи өлтүрүлгөн. Алгач немец антифашисттери кармалса, 2-дүйнөлүк согуш учурунда көптөгөн улуттардын өкүлдөрү кармалган жана алар Бухенвальд аймагында жайгашкан немецтик ири өнөр жай иш

каналарында иштөөгө мажбурланган. Немецтик «Фау» самолёт-снаряддары даярдалган Бухенвальддын жер астындагы филиалы – «Дора» түрмөсүндөгү (Бухенвальддын филиалы) оор шарттар туткундардын массалык өлүмүнө алып келген. Лагерде жашыруун антифашисттик уюм иштеген. 1945-жылы 11-апрелде башталган туткундардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында Бухенвальд кыйратылган. 1958-жылы Бухенвальддын баатырларына жана курман болгондорго арналган эстелик-курулуш комплекси ачылган.