БУШМЕНДЕР
БУШМЕНДЕР (англ. bushman, голл. boijesman – токой кишиси) – Түш. ж-а Чыгыш Африканын байыркы жерг. калкы. Б. Калахари ж-а Намибия чөлдүү аймактарында, Ботсванада, Анголада, Зимбабведе жашашат. Б-дин жалпы саны 100 миӊ адам (2009). Бушмен ж-а банту тилдеринде сүйлөшөт. Бир кездерде Түш. Африканы конуштаган бул элди түндүгүнөн бантулар, түштүгүнөн европ. колониячылар кысып, кыргынга учураткандыктан, жер которушкан. Б. негизинен аӊчылык ж-а жапайы мөмө-жемиш жыйноочулук м-н кесип кылышкан. Таш, сөөктөн жасалган эмгек куралдарын (жаа, жебе ж. б.) колдонушкан. Алар үӊкүрлөрдө, чөп алачыктарда, кумдуу жерлерде казылган анча тереӊ эмес чуӊкурларда жашашып, түн ичинде үшүбөс үчүн чокмороктошуп, ортолорунда балдары м-н аялдары жатышат. Б. жылаӊач жүрүшөт, кийим ордуна белинен ылдый жазы жалбырактарды же тери жамынышат. Төө куштун жумурткасынын кабыгынан жасалган идиштерди, сөөктөн жасалган ийне ж-а жаныбарлардын ичегисинен жасалган жип ж. б. колдонушат. Аялдары бетин кара боёк м-н боёп, андан соӊ манжаларынын учу м-н сүртүп, антилопа, зебра же кабыландын терисинин түсү сымал оймо-чиймелер м-н кооздошкон. Б. жапайы дарбызды тамак о. эле самын катары да пайдаланышат, анын данектери м-н бирине бири жеӊил массаж жасашат. Суусундукка жапайы өскөн тсамма коонун колдонушат. Аӊчылыктан тапкан олжолорун (антилопа, жапайы эчки ж. б.) отко бышырып жешет. Азыркы мезгилде көптөгөн Б. европ. фермаларга жалданып иштешет. Б. байыртадан аска ташка сүрөт чегүүнүн ж-а тартуунун чебери. Мындай сүрөттөр (б. з. ч. 1-миӊ жылдыкка таандык) Бириккен Араб Респ-нда, Лесото, Замбия, Зимбабве, Намибияда кездешет.
Ш. Керимова.