БҮЛӨӨЛҮ КОРУКЧАСЫ (ЗАКАЗНИГИ)
БҮЛӨӨЛҮ КОРУКЧАСЫ (ЗАКАЗНИГИ) – Ош облусунун Алай районундагы токою корулуучу аймак. Бүлөөлү өрөөнүндө. Ош токой чарбасына карайт. 1975-жылы Теӊир-Тоо карагайы ареалынын түштүк чет жакасындагы карагай токоюнун эталон деп эсептелген аймагын коргоо максатында уюшулган. Арча токою да басымдуу. Бадалдардан четин, аюу карагат, табылгы, бөрү карагат (изирик), ит мурун ж. б. жыш өсөт. Аянты 384 га, анын 261 гасын теӊир тоо карагайы ээлейт.