БҮРГӨЛӨР
БҮРГӨЛӨР (Siphonoptera) – курт-кумурскалар классындагы кан соргучтар түркүмү. Дене узундугу 1–6 ммге чейин, канаты жок, жумурткадан жетилиши толук өөрчүү менен өтөт, личинкасы курт сымал. Бүргөлөрдүн шилекейи дүүлүктүрөт. Оозу сайып соруучу мүнөздө. Денеси капталынан кысыӊкы, күрөӊ же кара түстө, жалтырак хити кабык менен капталган. Арткы буту узун, секирүүгө ыӊгайлашкан. Турак жайда, кургак, чаӊ жерде көп кездешет. Ошондой эле таштанды, тактай жаракаларында көбөйөт. 3 жылга чейин жашайт. 1000ге жакын түрү бар. Жетилген Бүргөлөр көбүнчө жаныбарда (мышык, ит ж. б.), канаттууларда (тоок ж. б.) жана адамда мителик кылып, кан менен азыктанат; көбү бир катар жугуштуу оорулардын (чума, ич келте ж.б.) козгогучтарын кишиге жугузат.