БҮРГӨНДҮ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГӨНДҮ ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Бүргөндү кыштагынан 3 км батышта, деӊиз деӊгээлинен 760–800 м бийиктикте. 1990-жылы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон, калыӊдыгы 15 мден ашкан кумайлуу чопо катмары конгломераттын үстүндө жатат. Кумайлуу чопо тыгыз, көзөнөктүү, бир түрдүү. «75», «100» маркадагы кыш өндүрүүгө жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 250 миӊ м3, В–490 миӊ м3, С1–1380 миӊ м3.