БҮРКҮП ЧАЧКЫЧ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:53, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРКҮП ЧАЧКЫЧ МАШИ́НА , б ү р к к ү ч – өсүмдүк илдеттери менен зыянкечтерин, отоо чөптөрдү жана кампа зыянкечтерин жоготуу максатында химиялык уулуу заттарды өтө майда тамчы түрүндө чачуучу түзүлүш. Аны менен чачылган уулуу заттар өсүмдүктөрдүн жана алардын сөӊгөгү менен жалбырак беттерине жакшы жабышып, зыянкечтерди ууландырат. Мында чаӊдатып чачууга караганда уу зат кыйла аз сарпталат. Өндүрүштө көп түрдүү Бүркүп чачкыч машина колдонулат. Ал бүрккүч түзүлүшүнүн иштешине карата – гидравликалык жана желдеткичтүү (вентилятордук), агрегат ыкмасына карата чиркеме, асма, орнотмо жана өзү жүрүүчү ж. б. болуп бөлүнөт. Талаа өсүмдүктөрүнө уу затты чачуу үчүн көбүнчө гидравликалык (штангалык), ал эми бак-дарактарда желдеткичтүү машина пайдаланылат. Бүркүп чачкыч машинанын негизги жумушчу органына – резервуарлар насостор, чыпкалар, чачыраткычтар ж. б. заправкалоочу түзүлүштөр кирет. Учурда ОП-2000-2, ОПВ-2000 ж. б. машинасы колдонулат.