БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УЮМУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УЮМУ (БИМУ; World intellectual Property Organisation, WIPO) – эл аралык өкмөттөр аралык уюм‚ БУУнун адистештирилген мекемеси. 1967-ж. Cтокгольм конвенциясына ылайык түзүлгөн. Жайгашкан жери – Женева. Мүчө мамлекеттеринин саны – 147 (1995). Кыргызстан – БИМУнун мүчөсү. Париж же Берн союзуна‚ о. эле БУУга же анын адистештирилген мекемелеринин бирине мүчө‚ же Эл аралык сот статусунун катышуучусу же Генералдык Ассамблея тарабынан БИМУ конвенциясына кошулууга чакырылган бардык эле мамлекеттер БИМУга мүчө боло алышат. Интеллектуалдык менчикке өнөр жайлык менчикке (ойлоп табуулар‚ товардык белгилер‚ товардын жасалыш булактары‚ өнөр жай үлгүлөрү‚ моделдер) укуктар ж-а адабий‚ муз.‚ көркөм өнөр‚ фотографиялык‚ кинематографиялык ж-а аудиовизуалдык чыгармаларга автордук укуктар кирет. БИМУнун расмий максаты мамлекеттердин кызматташтыгы ж-а катышуучу өлкөлөр тарабынан түзүлгөн союздар ортосунда адм. өз ара аракеттенүүсү аркылуу интеллектуалдык менчикти коргоого өбөлгө түзүү болуп саналат. БИМУнун жетекчи органдары – Генералдык ассамблея‚ конф-я‚ координация б-ча к-т‚ эл аралык бюро‚ өнөр жайлык менчик тууралуу маалымат б-ча туруктуу к-т. Генералдык ассамблея эки жылда бир жолу уюмдун саясатын талкуулоого‚ бюджетти бекитүүгө ж-а генералдык директорду 6 жылга шайлоого чакырылат. Эл аралык бюрону – БИМУ секретариатын генералдык директор башкарат‚ уюмду адм.-тех. тейлөөнү камсыз кылат‚ эл аралык каттоо кызматынын (патенттер‚ товардык белгилер‚ өнөр жай үлгүлөрү же моделдер‚ аудиовизуалдык чыгармалар) ишин жетектейт. Өнөр жайлык менчик тууралуу маалымат б-ча туруктуу к-т патент маалыматынын бардык чөйрөсүндө мамлекеттердин кызматташтыгын жүзөгө ашырат. К-ке Патенттик кооперация ж-дө келишимге ж-а Эл аралык патент классификациясы союзуна мүчө өлкөлөрдүн‚ о. эле Париж союзунун мүчөлөрү (ыктыярдуу түрдө) кирет. Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун жогорку сыйлыгы – Алтын медалын Кырг-ндан бир топ ойлоп чыгаруучулар ж-а чыгармачыл ишмерлер алышкан. Алар: ойлоп чыгаруучулар – А. Акаев, А. С. Кривовязюк (2001), Ү. Асанов, З. Д. Ашубаева, Э. М. Худайбергенова (2002), Р. Оморов (2003), О. Абдраимов (2004), В. С. Энгельшт (2006); чыгармачыл ишмерлер – Ч. Айтматов (2003), Э. Ибраев, Т. Садыков (2004), С. Жусуев, С. Токтакунова (2005), М. А. Бегалиев, Т. Касымбеков (2006).
М. Оморова.