БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МЕТЕОРОЛОГИЯ УЮМУ
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МЕТЕОРОЛО́ГИЯ УЮМУ – метеорологиялык байкоолорду, изилдөөлөрдү өркүндөтүү, улуттук метеорология менен гидрометеорология иштерин координациялоо боюнча эл аралык кызматташтыкты арттыруу максатын көздөгөн бүткүл дүйнөлүк уюм. 1951-жылы БУУнун алдында уюшулган, ага 187 мамлекет мүчө (2005-жыл). Жогорку органы – метеорологиялык конгресс, 4 жылда бир жолу чакырылат. Иш жүргүзүчү органы – Секретариат, Женевада (Швейцария).