БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР СОЮЗУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР СОЮЗУ, ВЛКСМ – СССРде жаштардын коомдук-саясий уюму. 1918-ж. 29-октябрда Бүткүл Россиялык жумушчу ж-а дыйкан жаштар союзунун 1-сьездинде уюшулуп, алгач Россия коммунисттик жаштар союзу (РКСМ), 1924-жылдан – Россия лениндик коммунисттик жаштар союзу (РЛКСМ), 1926-жылдан БСЛКЖС (ВЛКСМ) деп аталган ж-а КПССтин көзөмөлү астында иш жүргүзгөн. Жаштардын бул уюму Совет бийлигинин алгачкы жылдарында активдүүлүгүн көрсөтүп, гражд. согуш учурундагы каармандыгы үчүн 1928-ж. Кызыл Туу, өлкөнү индустриялаштырууга, коллективдештирүүгө кошкон салымы үчүн 1931-ж. Эмгек Кызыл Туу, 1945-ж. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн эрдиги үчүн Ленин ордендери, согуштан кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө кошкон салымы үчүн 2-жолу Ленин ордени, 1968-ж. ВЛКСМдин 60 жылдык юбилейинде Октябрь Революциясы ордени м-н сыйланган. ВЛКСМдин жаштар, пионерлер, балдар үчүн СССР элдеринин 22 тилинде 200дөн ашуун гезит-журналдары чыгып турган. Алардын ичинен «Комсомольская правда», «Пионерская правда», «Ленинчил жаш» (Кырг-нда) гезиттери, «Комсомольская жизнь», «Смена», «Мурзилка», «Пионер», «Жаш Ленинчи» (Кырг-нда) журналдарды кеӊири белгилүү болгон. 1991-ж. сентябрь айында өткөн ВЛКСМдин 22-съездинде СССРдин тарашына ж-а КПССтин иш-аракеттери токтогонуна байланыштуу бул уюмдун жаштардын коммунисттик федерациясы катары саясий маанисин жоготкондугу белгиленип, ишмердиги токтогон.