БЫЧУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧУУ , б и т т ө ө – эркек малдын жыныс безин хирург. жол м-н алып таштоо же ал бездин кызматын башка ыкмалар (гормон берүү, нурга кактоо) м-н токтотуу. Вет. практикада малды хирург. Б. кеӊири колдонулат. Бычылган мал (бычмал) жоош болуп, жакшы бордолуп, эти даамдуу, жагымдуу келет. Кээде малдын жыныс мүчөсүнүн сезгениши ж. б. жараатты айыктыруу үчүн да жасалат. Мал көбүнчө эрте жазда же кеч күздө бычылат. Малды Б. ишин вет. адис жүргүзөт. Хирург. Б. эки түрдө жүргүзүлөт: кан чыгаруу м-н – калтаны кесип, эн алынып ташталат; кан чыгарбай – эн танабын кысуу же эзүү м-н эндин иштеши токтотулат. Бычылган айгыр – ат, бука – өгүз, буура – атан, кочкор – ирик, теке – серке (эркеч) деп аталат. Жылкы 3–4 жашында (бышты кезинде), букачар 1 жашында, борго байлануучулары 6 айлыгында, козу-улак 4–6 айлыгында биттелет.