БЫШЫКТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫШЫКТЫК , б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта жана чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай температураны, магнит, электр ж. б. талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү жана кургоосу, физика-химиялык процесстердин ар кандай өтүшү ж. б.) талкаланбай жана бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда Бышыктыктын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеги, жайылуучулук чеги ж. б. критерийлери бар. Бышыктык теориялык, техникалык, конструкциялык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теориялык багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теориялык эсептөөнүн даражасы али жетишерлик деӊгээлде эмес.