БЮДЖЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕ́Т (англ. budget) – мамлекет‚ башкаруунун жергиликтүү органдары‚ ишканалар‚ мекемелер‚ үй-бүлө же айрым адамдар үчүн белгилүү мезгилге (жыл‚ квартал‚ ай) түзүлүүчү кирешелердин (түшүүлөр) жана чыгымдардын (пайдалануу) жазылышы. Бюджеттин киреше жана чыгым бөлүмдөрүндө каражаттардын түшүү жана чыгымдоо булактарынын көрсөткүчтөрү камтылат. Эгер чыгым кирешеден көп болсо‚ анда баланс тартыштыкка айланат. Киреше чыгымдан ашса‚ оӊ калдыкты пайда кылат. Мамлекеттик Бюджет – мамлекеттин кирешелеринин жана чыгымдарынын бийлик органдары тарабынан иштеп чыгылуучу жана жөнгө салынуучу балансыланган сметасы; мыйзамдык күчкө ээ. Мамлекеттик Бюджеттин киреше бөлүгү негизинен салыктан, бажы салыгынан жана заёмдордон түзүлөт. Кыргызстанда мамлекеттик Бюджеттин жылдык пландоо системасы пайдаланылат.