БЮДЖЕТ ИНДЕКСИ
БЮДЖЕ́Т ИНДЕКСИ (жашоо наркынын индекси) – материалдык жашоо деӊгээлин аныктоочу көрсөткүч. Ал калктын белгилүү бир тобунун керектөө көлөмүн, структурасын мүнөздөөчү товарлардын ж-а тейлөө кызматынын тиешелүү тобунун наркы жагынан өзгөрүшүн көрсөтөт. Б. и-нин тууралыгы индексти эсептөө методуна, типтүүлүгүнө, баа өзгөрүшүн тизмектөөнүн туура жүргүзүлүшүнө байланыштуу болот.