БЮДЖЕТ CИCТЕМАCЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕ́Т CИCТЕМАCЫ (англ. budget systems) – өлкөнүн бардык бюджеттеринин жыйындысы. Коомдун саясий түзүлүшүнө жана мамлекеттин экономикалык системасына‚ анын административдик-аймактык бөлүнүшүнө негизделет. Бюджет системасынын түзүлүшүнүн социалдык-экономикалык жана уюштуруу принциптери‚ анын структурасы‚ ага бириктирилүүчү бюджеттердин өзара байланышы өлкөнүн бюджеттик түзүлүшүн мүнөздөйт. Бюджет системасы эки же үч звенодон турушу мүмкүн. Бирдиктүү (бириккен) мамлекеттерде борбордук жана жергиликтүү бюджеттер‚ федеративдүүдө орто звено – федерация мүчөлөрүнүн бюджети болот.