БЮЛЛЕТЕНЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮЛЛЕТЕ́НЬ (фр. bulletin, итал. bulletino – жазылган кат, баракча) – 1) расмий актылардын, буйруктардын ж. б. жыйнагы; 2) расмий кыскача билдирүү (аскердик аракеттердин жүрүшү, ден соолуктун абалы, аба ырайы ж. б. жөнүндө); 3) өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө жаӊы маалыматтарды билдирип туруучу кайсы бир мекеме, уюм, органдын мезгилдүү же уланып чыгуучу басылмасы («Өкмөттүн бюллетени», «Жогорку Соттун бюллетени»); 4) шайлоо Бюллетени – талапкердин аты-жөнү жазылган документи; 5) медицина Бюллетени, башкача айтканда жумушка жараксыздыгы жөнүндөгү баракча.