БЮРОКРАТИЯ
БЮРОКРА́ТИЯ (сөзмө сөз – канцеляриянын үстөмдүгү, фр. bureau – бюро, канцелярия, гр. krftos – бийлик) – адегенде өкмөт аппаратынын чиновниктери ж-а жетекчилеринин бийлиги; кийин коомдун түрлүү тармактарында башкаруу маселелерин ж-а бийликтин жогорку органдарынын чечимдерин аткаруу б-ча иш жүргүзгөн адамдардын катмары. Башкаруунун зарыл элементи катары Б. өзгөчө социалдык катмарга айланат. Анын мүнөздүү белгилери: иерархия, регламенттештирүү, эмгектин бөлүнүшү ж-а өз милдеттерин аткарууда атайын билимдин болушу. Б-нын болушу – саясат ж-а бийликтин жашоосу үчүн субъективдүү-объективдүү шарт. Ал мамлекеттин келип чыгуу генезиси ж-а коомдогу калк катмарынан адамдардын өзүнчө топ болуп бөлүнүп чыгышы, алардын коомду башкаруу функциясын аткарышы м-н байланышкан. Б. социалдык организм катары оӊ-терс, татаал мазмунга ээ. Анын башкаруу мамилелеринин системасындагы ордун – саясий элита м-н калктын ортосундагы ортолук, аралык, көз каранды эмес ордун белгилесе болот. Б. – адм. иштин кожоюну, документтер, маалыматтар анын колунда болгондуктан, мамл. чечимдерди, актыларды даярдоо, түзүү мүмкүнчүлүктөрү кеӊири; мунун баары аппаратка калк м-н тике алакага чыгууга жол берет. Дээрлик бардык эле мамлекеттерде чиновник идеалдуу жаран катары көрсөтүлөт. Ал эми андан башкалар болсо, анын саясатын кандай кабыл алышкандыктарына жараша жалпысынан аны колдоочулар же колдобоочулар (оппозиция) болуп бөлүнүп кетишет. Ушундан улам Б-нын татаал, терс маанидеги иштеринин формалары, натыйжалары, социалдык антагонисттик каршылашуулар, конфликттер, саясий обочолонуулар, бөлүнүшүүлөр келип чыгат. Мындай Б-га каршы туруучу күч жок өӊдөнүп калат. Бул абал жалпы элдин күчүн көтөрүп чыгышы мүмкүн. 2005-ж. башында Кырг-нда ушундай кырдаал пайда болгон.
Т. Эсенгелдиев.