БРУНЕЛЛЕСКИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 8 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРУНЕЛЛЕ́СКИ Филиппо (1377, Флоренция – 15. 4. 1446, ошол эле жер) – италиялык архитектор, скульптор, илимпоз. Флоренцияда иштеген. Кайра жаралуу архитектурасын жана илимий перспектива теориясын түзүүчүлөрдөн. Антикалык салттарды жаӊыча пайдаланган. Брунеллескинин чыгармалары гармониялуулугу, инженердик-курулуш жактан чечилишинин жеткилеӊдиги менен айырмаланат (Санта-Мария-дель-Фьоре соборунун кумпасы, 1420–36; Оспедале дельи Инноченти, 1421–44; Пацци капелласы, 1429 –69) – баары Флоренцияда).

Ф. Брунеллески. Флоренциядагы Санта-Мария-дель-Фьоре
соборунун кумпасы. 1417–71.