БОЛОТ ЭРИТҮҮ
БОЛОТ ЭРИТҮҮ – эритүүчү меште чоюнду жогорку темп-рада иштетип, курамындагы көмүртекти азайтуу м-н болот куймаларын даярдоо. 1-жолу болот эритүүчү электрдик меш (электр дугалык) 1899-ж. фр. инженер П. Эру тарабынан сунушталган. Башка процесстерге салыштырганда бул учурда темп-ра өтө жогорулап, мештин ичинде нейтралдык же калыбына келтирүүчү атм. пайда болуп, кээде вакуумга айландырууга шарт түзүп, сапаттуу легирленген болот алууга мүмкүндүк берет. Катуу шихтадан болот эритүү процесси электрдик же индукциялык меште электроддун жардамы м-н жүргүзүлүп, 1 т болотту алууга 500–700 кВт · стан (көмүртектүү Б.) 1000 кВт · ска (легирленген Б.) чейин электр энергиясы жумшалат. Мындай эритүү өндүрүшүндө баштапкы материал катары мартен же конвертер болотунун эритилген продукциясы пайдаланылса, электр дугалык мештин өндүрүмдүүлүгү 2 эсе жогорулап, 1 т болотту алууга жумшалган электр энергиясы 300 кВт стан ашпайт.