БОЛЬЦМАН СТАТИСТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:10, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ЛЬЦМАН СТАТИСТИКАСЫ – классикалык механиканын закондорунун негизинде кыймылдоочу көп сандагы аракеттешпеген бөлүкчөлүү системалардын статистикалык физикасы. 1868–71-жылдары австриялык физик Л. Больцман иштеп чыккан. Анда идеалдык газдын бөлүкчөлөрүнүн бөлүнүшү импульс жана координата боюнча каралат. Буга молекулалары бири-бири менен начар байланышкан сейрек газдар баш ийет. Системадагы көп бөлүкчөлөрдүн ар биринин абалын так аныктоо мүмкүн эмес, бирок ар бир бөлүкчөнүн орточо кыймылы системанын жалпы абалын мүнөздөшү мүмкүн. Больцман статистикасында бөлүкчөлөр бири бирине көз карандысыз түрдүү абалга бөлүштүрүлөт жана алар бири биринен айырмаланат. Бул абалда алардын координаталары жана импульстары белгилүү мааниге ээ болот. Ал суюлтулган молекулалык газдарга жана газ разряддуу плазмага колдонулат. Тыгыз газдардагы бөлүкчөлөрдүн ич ара аракеттешүүсүндө Гиббс бөлүштүрүүсү пайдаланылат.