БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Февраль рев-ясынан кийин Кырг-нда социал-демокр. топтор түзүлө баштаган. 1917-ж. мартта Сүлүктүдө тажрыйбалуу большевик Д. Т. Деканов большевиктик топ түзгөн ж-а башчылык кылган. Социал-демокр. топтор апрель-июнда Пишпекте, Ошто, Кызыл-Кыяда пайда болгон. Кырг-ндагы бул топтордун өзгөчөлүгү – адегенде алардын курамында большевиктердин, кийин меньшевиктердин ж-а эсерлердин болгондугунда. Пишпектеги ж-а Оштогу топтордо меньшевиктер басымдуулук кылган. 1917-ж. май айында большевиктер Пишпекте кыргыздардын рев-ячыл Букара союзун түзүшкөн. Аны түзүүдө К. Сарыкулаков, К. Сандыбаев, Б. Мурчатов ж. б. чоӊ роль ойногон. Бул союз кыргыз кедейлеринин социалдык ж-а улуттук кызыкчылыктарын коргогон. «Букара» союзу 1917-ж. күздө 7 миӊден ашуун адамды бириктирген. Октябрь рев-ясынын жеӊишинен кийин большевиктик топтор алгачкылардан болуп Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Ошто түзүлгөн. Оштун большевиктеринин арасында М. Сарымсаков, Б. Султанов ж. б-дын таасири чоӊ болгон. 1918-ж. 2-апрелде Пишпекте большевиктик топтордун уюштуруу жыйналышы болуп, ал М. И. Иваницын жетектеген шаардык парт. к-тти шайлаган. Активдүү массалык-саясий иштердин натыйжасында Пишпек шаардык парт. к-ти тез эле уезддик-шаарком болуп кайра түзүлгөн. 1918-жылдын жарымында көптөгөн айылдарда большевиктик уюмдар, кийин Токмок, Каракол, Нарында шаардык парт. уюмдар түзүлгөн.