БООР-АЛБАС КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООР-АЛБАС КЫРКА ТООСУ, И т е л г и - У я т о о с у. Ички Теӊир-Тоодо. Соӊкөл өрөөнүнүн түш. жагында батыштан чыгышты карай созулуп жатат. Уз. 70 км. Бири-бирин далдалаган ж-а өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Боор-Албас, Ителги-Уя). Орт. бийикт. 3500 м. Эӊ бийик жери 3980 м (Ителги-Уя чокусу). Девон м-н карбондун боз ж-а кызыл түстөгү карбонаттуу терриген тектеринен, айрым жерлери кембрий м-н ордовиктин көмүртектүү сланец ж-а карбонаттуу катмарларынан түзүлгөн. Түн. капталдары м-н кыр жагында алгачкы палеозойдун гранит интрузиялары басымдуулук кылат. Б.-А. к-нун борб. бөлүгү өтө бийик келип, батышты ж-а чыгышты карай жапыздайт. Түш. капталдары тик, кемерлүү, түн. тарабы анча тик эмес, Соӊкөлгө карай этек жагы жантайып кетет. Айрым жерлеринде байыркы денудациялык тегиздиктер кездешет. Таманы тегиз өрөөндөр ж-а аларды бөлүп турган жапыз жондор көлдү карай эӊкейиштейт. Ителги-Уянын күнгөй бети тик, тескейи жантайыӊкы; кырларында айдөөш тегиздиктер даана байкалат. Б.-А. к.-нда байыркы мөӊгүлөрдүн издери кеӊири таралган; азыркы мөӊгүлөр жок. Ландшафттары бийиктикке ж-а тоо капталдарынын экспозициясына жараша өзгөрөт. Тескей капталдарын 3150 м бийиктикке чейин түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман, көбүргөн) субальп, андан жогору альп шалбаалары (түркүн гүлдүү чөптөр, доӊуз сырт) ээлейт. Соӊкөлгө такалган этегинде өлөӊ чөп, саздуу шалбаа басымдуу. Күнгөй беттерине бетегелүү (тоо сулу, каз таман, шимүүр ж. б.), түркүн чөптүү талаа (2500–3000 м), жапалак арча, бадалдар (төө куйрук, табылгы), бетеге, түркүн чөптөр аралаш өскөн субальп (3000–3500 м) ж-а альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору) зоналары мүнөздүү. Куртка өрөөнүндө тоонун Кажырты суусуна караган беттеринде карагай токоюнун массивдери бар. Жайлоо.