БОРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРА́ – деӊиз жээгиндеги айрым жерлерге мүнөздүү катуу соккон (40–60 м/сек) жергиликтүү муздак шамал. Көбүнчө жылуу деӊиздердин жапыз кырка тоолор менен чектеш жээктеринде болот. Мисалы, Адрия деӊизинин жээгинде, Кара деӊиздин Новороссийск шаары туштагы жээгинде байкалат. Адатта кышында пайда болот. Термин грекче түндүк, түндүктөн соккон шамал деген маанини билдирет.