БОРБОРДУК АФРИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК А́ФРИКА – негизинен Конго ойдуӊун ж-а аны курчаган бөксө тоолорду камтыган табигый аймак. Батышынан Атлантика океаны ж-а Гвинея булуӊу м-н чулганат. Анда Камерун, Экватордук Гвинея, Борб. Африка Респ., Габон, Конго Респ., Конго Демокр. Респ., Ангола, Замбия, Сан-Томе ж-а Принсипи мамлекетинин бүт аймагы же айрым бөлүктөрү жайгашкан. Тоолордун бийикт. түндүгү м-н батышында 500–1000 м, түштүгү м-н чыгышында 1000–1500 мден ашык. Климаты 3° түн. к. м-н 2–3° түш. к. аралыгында экватордук, нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1500 ммден ашык (Камерундун батыш капталында 10 000 ммден ашык), түндүккө ж-а түштүккө карай субэкватордук; жайында нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000 ммден аз), Атлантика океанынын жээгинин Лопес тумшугунан түштүккө карай тропиктик (жаан-чачыны 200–300 мм). Негизинен Конгонун (Заир) алабына кирген жыш ж-а суусу мол дарыя тармактары бар. Экваторго жакын дайыма жашыл экватор токою, андан түндүккө ж-а түштүккө карай жалбырагы күбүлмө (кургакчыл мезгилде), дайыма жашыл токой, бийик чөптүү саванна өсүмдүктөрү өсөт.