БОРБОРДУК КЕЛИШИМ УЮМУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК КЕЛИШИМ УЮМУ (СЕНТО; англ. The Central Treaty Organitation, CENTO) – Жакынкы жана Ортоӊку Чыгыштагы согуштук-саясий блок. 1955-жылы Багдад пактысына ылайык түзүлгөн. СЕНТОго Улуу Британия, Иран, Пакистан, Түркия, Ирак мамлекеттери жана 1956-жылы АКШ ассоциативдүү мүчө катары кирген. 1958-жылы Ирак уюмдан чыккандан кийин СЕНТОнун штаб-квартирасы Анкарага көчүрүлгөн. 1979-жылы мартта Иран менен Пакистан СЕНТОнун курамынан чыккан соң, Түркия өкмөтүнүн демилгеси менен 1979-жылы августтан Борбордук келишим уюму ишмердүүлүгүн токтоткон.