БОРБОРДУК ФРАНЦИЯ МАССИВИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК ФРА́НЦИЯ МАССИВИ – Франциянын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү тоолор. Базальт платосунан жана бөксө тоолордон байыркы өчкөн жанар тоо конустары көтөрүлүп турат. Эӊ бийик жери 1886 мге чейин (Мон-Дор тобундагы Пюи-де-Санси чокусу). Түштүгүн Кос карст платосу, түштүк-чыгышын Севен тоолору ээлейт. Жазы жана ийне жалбырактуу токой, 1400 мден жогору шалбаа, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Минералдуу суу булактары, курорттору (Виши ж. б.) бар.