БОР–ВАН ЛЁВЕН ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР–ВАН ЛЁВЕН ТЕОРЕМАСЫ – классикалык статистикалык физиканын туруктуу сырткы магнит талаасындагы электрондор системасынын магниттелиши статистикалык теӊ салмактуулук шартта нөлгө барабар экендигин аныктаган теорема. Бул теореманы 1911-жылы Н. Бор далилдеген, 1919-жылы голландиялык физик И. ван Лёвен жалпылаган. Теорема заряддалган бөлүкчөлөрдүн классикалык статистикалык механикасы ферромагнетизмди, парамагнетизмди жана диамагнетизмди түшүндүрө албайт. Заттардын магнетизми аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кванттык касиеттери менен шартталган.