БОРДУ
БОРДУ , К а ш к а – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин ш-нан 17 км түш.-батыш тарапта, облустун борбору Токмок ш-нан 66 км. Деӊиз деӊг. 1700 м бийиктикте жайгашкан. Ушул аймактагы түстүү металл кенин өздөштүрүүнүн негизинде 1950-ж. шаарча статусуна ээ болгон. 1993-ж. чейин шаарчада Орловкадагы тоо кен металлургия комбинатынын 4 цехи иштеген болсо, өлкө экон. рыноктук мамилеге өткөн мезгилде алар жабылып, калктын көпчүлүгү башка райондорго көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Калкы 2300 (1993) адамдан 250 (2009) адамга чейин азайган. Башталгыч мектеп, китепкана, ФАП бар.