БОРДУ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ
БОРДУ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кыргыз Ала-Тоосунун түн.-чыгышында, деӊиз деӊг. 1850–2300 м бийиктикте. 1949–53-ж. чалгындалган. Кендин геол. түзүлүшүнө протерозойдун магматиттери, гнейстери, кристаллдык сланецтер, амфиболиттер, гнейс түрүндөгү граниттер ж-а порфир түрүндөгү граниттер катышкан. Негизги кенташ (руда) кармап турган структура Борду жаракалар тилкеси болуп эсептелет. Негизги кенташ уз. 800–1000 м болгон Батыш ж-а Борб. кенташ мамычалары м-н байланышкан. Кенташтын тиби – сульфиддүү. Кенташтануу – чачынды, тарам-чачынды түрүндө. Негизги минералдары: пирит, галенит, сфалерит, марматит, о. эле күмүш, алтын, борнит, миллерит кездешет. Коргошундун кенташтагы өлчөмү 1,6–2,62%г/т, цинктики – 0,9%, алтындыкы – 0,74, күмүштүкү – 26,0, кадмийдики – 0,004%, индийдики – 0,0001%. Кенташтын жалпы запасы 11863,55 миӊ т, коргошундуку – 265 миӊ т, алтындыкы – 7323 кг, күмүштүкү – 241,8 т, индийдики – 10,7 т, кадмийдики – 363,2 т, цинктики – 86,8 миӊ т. Индий, кадмий, цинк кенташтан алынган эмес. Кендин ачык казып алынуучу запасы иштетилип бүткөн.