БОРДУ-ТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:10, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРДУ-ТОО – Тескей Ала-Тоонун түштүк тармагы. Борду, Ээр-Таш, Кара-Көл-Төр жана Көөлү сууларынын аралыгында дого сымал түштүктөн түндүк-батышка 25 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 4300–4600 м, эӊ бийик жери 4849 м. Кыры мөӊгүлөр менен капталган, жалама аска-зоолор бар. Капталдары тик, тереӊ капчыгайлуу. Кийинки протерозойдун калыӊдыгы 2400–3000 м келген мраморлуу жана доломиттүү акиташ теги, сланец, кварцит тектеринен турат. Этегиндеги субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафты 3300 мден жогору субнивалдык талаага жана гляциалдык-нивалдык алкакка өтөт.