БОРДУ-ТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРДУ-ТОО – Тескей Ала-Тоонун түш. тармагы. Борду, Ээр-Таш, Кара-Көл-Төр ж-а Көөлү сууларынын аралыгында дого сымал түштүктөн түн.-батышка 25 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 4300–4600 м, эӊ бийик жери 4849 м. Кыры мөӊгүлөр м-н капталган, жалама аска-зоолор бар. Капталдары тик, тереӊ капчыгайлуу. Кийинки протерозойдун калыӊдыгы 2400–3000 м келген мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ теги, сланец, кварцит тектеринен турат. Этегиндеги субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафты 3300 мден жогору субнивалдык талаага ж-а гляциалдык-нивалдык алкакка өтөт.