БОРКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРКО – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз-Ата айыл округуна караштуу. Кыргыз-Ата суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1420 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 4976 (2009); негизинен тамекичиликте, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, клуб бар.