БОРКОЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРКОЕВ Жакыпалы (10. 2. 1933-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Улуу-Чат кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). ФПИнин тоо-геологиялык факультетин бүтүргөн (1956). Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын партияларында улук коллектор, геолог (1956–68), Улуу-Тоо геологиялык чалгындоо партиясында улук геолог, башкы геолог (1969–95), 1995-жылдан Кара-Суу партиясынын жетектөөчү геологу болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1974). Кыргызстандагы Чоӊ-Кой сымап кенин ачууга жана чалгындоого ири салым кошкон.