БОСНИЯ ЖАНА ГЕРЦЕГОВИНА
БО́СНИЯ ЖАНА ГЕРЦЕГОВИ́НА , Б о с н и я ж а н а Г е р ц е г о в и н а Р е с п у б л и к а с ы – Түш.-Чыгыш Европадагы мамлекет. Балкан ж. а-нан орун алган. Түндүгүнөн, батышынан ж-а чыгышынан Хорватия, чыгышы м-н түш.-чыгышынан Сербия ж-а Черногория (Жаӊы Югославия) м-н чектешет.

Аянты 51,1 миӊ км2. Калкы 3,3 млн (2019). Расмий тилдери – босан, серб, хорват тилдери. Борбору – Сараево ш. Адм.-айм. жактан 79 общинага [а. и. 62 си Серб Респ-нын курамында; Брчко общинасы эл аралык арбитраждын чечими м-н өзгөчө дистрик (округ) деп жарыяланган] ж-а 10 кантонго бөлүнөт. Ал Б. ж-а Г. Федерациясы м-н Серб Респ-нын кондоминиуму болуп саналат. Акча бирдиги – алмашууга жарактуу марка (КМ).
Б. ж-а Г. – федерациялык мамлекет [Босния ж-а Герцеговина федерациясынан (Мусулман хорват федерациясы) ж-а Серб Респ-нан турат]. Конституциясы 14-декабрда 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик респ. Мамлекет башчысынын функциясын Президиум (эки жылга серб, хорват ж-а бошняк жамааттарынан бирден өкүл шайлануучу коллегиялуу орган) аткарат. Президиумду төрага башкарып, ал ар бир 8 айда алмашылат. Президиум – тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт, элчилерди дайындайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Парламенттик Ассамблея (Элдер палатасынан ж-а Өкүлдөр палатасынан турат). Аткаруу бийлигин Министрлер Совети жүзөгө ашырат. Министрлер Советинин төрагасын Өкүлдөр палатасынын макулдугу м-н Б. ж-а Г-нын Президиуму дайындайт.
Саясий партиялары: Демокр. аракет. партиясы, Серб демокр. партиясы, Хорват демокр. союзу, Б. ж-а Г. соц.-демокр. партиясы.
Аймагынын 90%и тоолуу, басымдуу бөлүгүн Динара тайпак тоосу ээлейт, түш.-чыгышы – өлкөнүн эӊ бийик жери 2386 м, Маглич тоосу. Карст формасындагы рельеф кеӊири тараган – акиташ тектүү аска, үӊкүрлөр, жер астындагы суулар. Сава д-н бойлой түздүк созулса, түштүккө карай жапыз тоолор ж-а тоо аралык ойдуӊдар өтөт. Климаты ички аймактарында мелүүн континенттик, жээктеринде жер ортолук деӊиздик, субтропиктик, тоолору салкын, нымдуу. Июлдун орт. темп-расы 19–21°С, январдыкы –2... –4°С. Жылдык жаан-чачыны 800–1000 мм, тоолорунда 1500–1800 мм. Тоодон аккан суулардын энергетикалык потенциалы зор. Отузга жакын суу сактагыч


курулган. Негизги дарыялары – Сава, Врбас, Неретва, Босна, Уна. Кен байлыктары: күрөӊ көмүр, лигнит, темир, боксит, сымап, марганец, барит, таш туз, табигый курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жер ортолук деӊиздик бадалдар, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой өсөт. Б. ж-а Г-да жалпы аянты 25,05 миӊ га болгон 5 коргоого алынган табигый аймак, а. и. Сутьеска ж-а Козара улуттук парктары бар.
Негизинен бошняктар (38–52,5%), сербдер (21,5–30%), хорваттар (12–17%) жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 87,1 киши (2005). Ислам (40%) ж-а христиан диндерин тутат. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники –70,1, аялдарыныкы – 75,8 жаш. Шаар калкы 43% (2003). Ири шаарлары: Сараево, Баня-Лука, Зеница, Тузла.
1991–92-ж. аскердик чыр-чатактарга байланыштуу экономикасы кескин төмөндөп кеткен, азыркы мезгилде кыйынчылык м-н калыбына келүүдө. Улуттук кирешеде а. ч. 11,9%, өнөр жай 25,3%ти түзөт. Жыгаччылык, металлургия, хим., тамак-аш, текстиль өнөр жайлары бар. 2004-ж. 11678 млн кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн. Энергиянын 1/3ин Неретва, Врбас, Требишница д-ндагы ири ГЭСтер өндүрөт. Кара ж-а түстүү металлургиянын ишканалары чет өлкөлүк капиталдын жардамы м-н кайра курулууда. Темир, марганец, коргошун м-н цинк, боксит казып алынууда. Өнөр жайынын негизги тармагы – транспорттук машина куруу, негизинен автомобиль кыймылдаткычын, агрегатын ж. б. жасоого адистешкен. А. ч-нда дан эгиндери, тамеки, мөмө-жемиш өстүрүлөт. А. ч. жарактуу 2 млн га жери бар. Негизги айдоо жерлери дарыя өрөөндөрүндө, ириси Сава д-нын өрөөнүндө, өлкөнүн түн. жагында кант кызылчасы, соя, күн карама өстүрүлөт. Андан башка жүгөрү, буудай, арпа, сулу да бар. А. ч. продуктуларын ж-а химия өнөр жайынын продукциясын, темир, жыгачты экспорттойт. Сырттан машина ж-а машина жабдууларын алат. Автомобиль жолунун уз. 22,6 миӊ км (2004), темир жолунун уз. 1031 км. Сава д-нда кеме жүрөт. Негизги порттору: Добой, Босански-Шамац, Босански-Брод ж. б. Негизги соода шериктери: КМШ ж-а Чыгыш Европа өлкөлөрү.
Б. ж-а Г-нын аймагында палеолит мезгилинде эле иллирийликтер жашаган. Б. з. 1-к-да өлкөнү римдиктер каратып, аймак Рим империясынын курамына кошулат (Далмация, Жогорку ж-а Төмөнкү Паннония провинциясы). 5-к-да өлкө остготтор тарабынан басылып алынган, ал эми 535-ж. Византия империясынын курамына кирген. 6–7-к-да бул аймакка славян уруулары отурукташа баштаган. 12-к-да Босния княздыгы (14-к-дан королдук, анын курамына Герцеговина да кирген) түзүлгөн. Ири төбөлдөрдүн ич ара күрөшүнүн жүрүшүндө, 1448-ж. Босния королдугунун түш. бөлүгүнүн башкаруучусу Степан Вукчич өзүн герцог деп жарыялап, анын ээликтери Герцеговина деп аталат. 1463-ж. Босния, 1482-ж. Герцеговина Осмон султандыгы тарабынан каратылып, Босния пашалыгы түзүлгөн. 1583-ж. төбөлдөрүнүн басымдуу бөлүгү ж-а калктын бир бөлүгү ислам динин кабыл

алган. 1875–78-ж. түрктөргө каршы Герцеговина-Босния көтөрүлүшү болуп өткөн. 1878-ж. Берлин конгрессинин чечими м-н Б. ж-а Г. Австрия-Венгриянын башкаруусуна өткөн. 1908-ж. Австрия-Венгрия өлкөнү аннекциялап алган. 1914-ж. Сараеводо австриялык тактын мураскери эрцгерцог Франц-Фердинанддын «Жаш Босния» уюмунун мүчөсү Г. Принцип тарабынан өлтүрүлүшү 1-дүйнөлүк согуштун башталышына алып келген. 1918-ж. Б. ж-а Г. сербдердин, хорваттардын ж-а словендердин королдугунун (1929-жылдан Югославия) курамына кирет. 1941-ж. өлкө фашисттик аскерлер тарабынан оккупацияланып, «Көз каранды эмес Хорватия мамлекетинин» курамына кирген. Югославия оккупанттардан бошотулгандан кийин 1945-ж. Б. ж-а Г. Югославия Элдик Федерациялык Респ-нын, 1963-жылдан Югославия Соц. Федеративдүү Респ-нын курамына кирген. 1990-ж. 18-ноябрда Б. ж-а Г-да биринчи жолу көп партиялуу шайлоо болуп өткөн. Анын жүрүшүндө мусулман, хорват ж-а сербдердин бириккен партиясы жеӊишке жетишип, коалициялык өкмөт түзүлгөн. Бирок көп өтпөй Б. ж-а Г-да улуттук араздашуулар күч алып, натыйжада, респ-нын калкы мусулман, серб, хорват болуп үчкө бөлүнүп, ич ара тирешүүлөр башталган. 1991-ж. 15-октябрда Б. ж-а Г-нын көз каранды эместигинин декларациясы кабыл алынган. 1991-ж. күзүндө кырдаал татаалдашып, бошняктардын, сербдердин ж-а хорваттардын ортосунда жарандык согуш башталган. Улуттук жаӊжалды жөнгө салуу үчүн өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген. 1995-ж. 1-ноябрда АКШнын Дейтон ш-на жакын Райт-Патерсон аскердик базасында босниялык жаӊжалды жөнгө салуу б-ча сүйлөшүүлөр башталган. Ага президенттер С. Милошевич (Сербия),


Ф. Тужман (Хорватия) ж-а А. Изетбегович (Босния) ж-а АКШдан Р. Холбрук, Россиядан С. Иванов ж-а Европа Союзунан К. Бильдт катышкан. Анын жыйынтыгында Босниянын аймагында теӊ укуктуу мамл. түзүлүштөр – Серб Респ. (49%) ж-а Б. ж-а Г. Федерациясы (51%) түзүлгөн. 1995-ж. 14-декабрда Парижде Дейтон тынчтык келишимине кол коюлган. 2000-жылдын ортосунда А. Изетбегович Б. ж-а Г-нын Президиумунун төрагалыгы кызматын өткөрүп, пенсияга кеткен. Анын ордун ротация эрежеси б-ча серб өкүлү Ж. Радишич ээлеген. 2000-ж. ноябрда кезектеги шайлоо болуп өтүп, парламентке болгон шайлоодо Серб демокр. партиясы жеӊип чыккан.
Сараеводо согушка чейин бир нече арх-ралык эстеликтер (мечиттер м-н храмдар) сакталган, согуш мезгилинде көбү талкаланган. Баня-Лука ш-нын аймагында рим форту ж-а рим мончолорунун калдыктары сакталган.
Ад.: Романова Э. Т. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Гильфердинг А. [Ф.] Босния, Герцеговина и Старая Сербия. СП., 1859; Гуськова Э. Ю. История югославского кризиса (1990–2000). М., 2001.