БОСТОН 3
БОСТОН – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 18 км түндүк-батыш тарапта, Кара-Суу темир жол бекетинен 68 км. 15–16-кылымда отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2201 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, амбулатория бар.