БОСТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ
БО́СТОН АСЕМ ИСКУ́ССТВО МУЗЕЙИ – АКШдагы ири көркөм музейлердин бири (1870-жылы негизделген). Музейде Египет, Грекия, Рим искусствосунун эстеликтери топтолгон. Орто кылымдагы Кытай жана Япония, Индия, Азия өлкөлөрүнүн искусствосу (скульптура, живопись, карапа), Англиянын күмүштөн жасалган буюмдары, Франциянын импрессионисттеринин картиналары, 18–20-кылымдардагы Америка живописи (Г. Стюарт, Ж. Вашингтондун портрети, 1796) ж. б. кооздоо жана көркөм сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган.