БОСТОНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:48, 30 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСТОНОВ Арзымкан (1910, азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Кош-Дөбө айылы – 1983, ошол эле жер) – мугалим. Нарын педагогикалык окуу жайын бүтүргөн (1949). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Семиз-Бел мектебинде мугалим болуп иштеген (1932–74). Сабатсыздыкты жоюудагы эмгеги үчүн Ленин ордени менен сыйланган (1968).