БОСФОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 30 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСФО́Р , К о н с т а н т и н о п о л ь к ы с ы г ы (түркчө Karadeniz Bogazi, гр. Bjsporos) – Европа менен Азияны (Кичи Азия жарым аралы) бөлүп турган кысык, Кара ж-а Мрамор деӊиздерин туташтырат. Узундугу 30 км, туурасы 2 км, эӊ тайыз жери фарватеринде 20 м. Европанын жээгинде (Мрамор деӊизине чыга беришинде) Алтын Мүйүз табигый гаваны бар. Мында жана анын аркы өйүзүндөгү азиялык жээгинде Стамбул шаары (Түркия) жайгашкан. Стамбул порту тушта автомобиль өтүүчү көпүрө (узундугу 2,8 кмдей) салынган.