БОСФОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСФО́Р , К о н с т а н т и н о п о л ь к ы с ы г ы (түркчө Karadeniz Bogazi, гр. Bjsporos) – Европа м-н Азияны (Кичи Азия ж. а.) бөлүп турган кысык, Кара ж-а Мрамор деӊиздерин туташтырат. Уз. 30 км, туурасы 2 км, эӊ тайыз жери фарватеринде 20 м. Европанын жээгинде (Мрамор деӊизине чыга беришинде) Алтын Мүйүз табигый гаваны бар. Мында ж-а анын аркы өйүзүндөгү азиялык жээгинде Стамбул ш. (Түркия) жайгашкан. Стамбул порту тушта автомобиль өтүүчү көпүрө (уз. 2,8 кмдей) салынган.