БОТВИННИК Михаил Моисеевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТИ́ИННИК Михаил Моисеевич [4 (17). 8. 1911, РФ, Ленинград обл., Куоккала (азыркы Репина) – 5.5.1995, Москва] – шахматчы, техника илимд. доктору (1951), СССРдин гроссмейстери (1945), эл аралык гроссмейстер (1950), СССРдин эмг. сиӊ. спортсмени (1945). Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону (1948–57, 1958–60 ж-а 1961–63). Шахмат теориясынын новатору ж-а шахмат б-ча бир нече эмгектин автору. Ленин ж. б. ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.