БОТКО
БОТКО – акталган же түктөлгөн дандан же акшактан жасалуучу коюу тамак. Аны сууга же сүткө, кээде эттин сорпосуна да бышырат. Б. данга ж-а аны бышыруу ыкмасына карата бир нече түргө бөлүнөт. Мис., күрүчтөн ынак сүткө жасалса – күрүч Б., сууга же эттин сорпосуна бышырылган кара күрүч – чачма Б., о. эле таруу Б., жүгөрү Б. ж. б. Ал аш болумдуу болгондуктан, мүнөз тамак катары да берилет.